Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Украина, Германия жана Франция Орусияны жикчилдердин шайлоосун тааныбоого чакырды


Украина президентинин кеңсеси кабарлагандай, мындай чакырык Петро Порошенконун жана немис канцлери Ангела Меркел менен француз президенти Франсуа Олланддын бүгүн президент Путин менен телефон сүйлөшүүсү учурунда жасалды.

Донецк жана Луганск облустарындагы орусиячыл жикчилдер алар көзөмөлдөгөн аймактарда 2-ноябрда өткөрүүнү мерчемдеп жаткан шайлоонун жыйынтыгын Орусия тааный турганын тышкы иштер министри Сергей Лавров апта башында билдирген.

Жикчилдердин айтымында, 2-ноябрда алар буга чейин жарыялаган "Элдик республикалардын" парламенттери жана лидерлери шайланышы керек.

Украин тарап жикчилдердин саясий өнөктүгүн “псевдо шайлоо” деп атаган. (UE)

XS
SM
MD
LG