Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Кытайда аткаминердин үйүнөн 33 млн. доллар табылды


Кытайда коррупцияга шектелген аткаминердин үйүн тинтүү учурунда 33 миллион доллар табылды. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, тинтүү энергетика боюнча улуттук башкармалыкта иштеген аткаминердин үйүндө жүргүзүлгөн.

Табылган акчаны эсептөө учурунда акча эсептөөчү төрт машина бузулуп калган. Эгер аткаминердин күнөөсү аныкталса, ал өлүм жазасына тартылышы да мүмкүн. Анткени Кытайда буга чейин коррупцияга айыпталган көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер өлүм жазасына өкүм кылынган.

Си Цзинпин башындагы Кытай мамлекетинде 2012-жылдын аягынан тарта коррупцияга каршы ири өнөктүк жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG