Бул тууралуу Ага Хан Өнүктүрүү корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ага Хан IV 2-ноябрда Билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен жолугушту.
Бул иш сапар алкагында өкмөт өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп, анда тараптар Кыргызстан менен аталган фонддун кызматташтыгын талкуулашат.
Ошондой эле Ага Хан IV Нарын облусунда салынып жаткан Борбор Азия университетинин курулушу менен таанышат.
Ага-Хан фонду соңку 15 жылдан бери Кыргызстандын бардык аймактарында ар кыл программаларды жана долбоорлорду ишке ашырып, орто жана чакан бизнести каржылоо менен билим берүү чөйрөсүндө иш алып барат. (TSh)