Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

15 миңге жакын адам биометрикалык маалымат тапшырды


Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, ушул күнү Бишкек шаары боюнча 14527 адам биометрикалык маалымат тапшырды. Жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо учурда шаардын бардык райондорунда жана мамлекеттик ишканаларда жүрүүдө.

Биометрикалык маалымат топтоо 2015-жылдын 1-августуна чейин аягына чыгышы керек. Өлкө боюнча болжол менен 3 миллион 462 адамдан өздүк маалыматтар алынат. Улуттук өнөктүктү миңге жакын мүчөсү бар атайын топ жүргүзөт.

Стационардык жана мобилдик борборлорго 16 жаштан өткөн жарандар жанында паспорту менен келиши керек. Алар бармак изи, карегинин санариптик көчүрмөсүн жана кол тамгасын тапшырышат. Биомаалымат тапшыруу милдеттүү түрдө, ал эми биометрикалык паспорт берүү ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Бул система шайлоодо “бир жаран - бир добуш” системасын камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

Кыргызстан үчүн биометрикалык жабдыктарды сатып алуу боюнча тендерди германиялык Giesecke&DevrientGmbH компаниясы жеңип алган.

Келерки жылдан тарта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү чет элдиктерди биометрикалык паспорт менен гана кабыл алууга өтөрү буга чейин кабарланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG