Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Канада “Ислам мамлекети” тобуна алгачкы ирет сокку урду


Ирак -- "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери менен учурашып жаткандар.
Ирак -- "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери менен учурашып жаткандар.

Канаданын аскерий учактары “Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккуларына кошулганын өлкөнүн коргоо министрлиги жарыялады. Маалыматка караганда, канадалык учактар “Ислам мамлекети” тобунун Ирактын Фаллужа шаарынын жанындагы турумдарын бутага алган.

Канаданын өкмөтү Ирак менен Сириянын ири бөлүктөрүн ээлеп алган “Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккуларына алты айлык мөөнөт менен кошуларын өткөн айда билдирген. Бул чечимдин алдында Канаданын өзүндөгү кол салуулардан эки жоокер мерт болгон эле.

Полициянын ырастоосунда, кол салууну жакында ислам динине өткөн, террорчулардын катарына кошулуп кетиши ыктымал дегендердин тизмесинде жүргөн жигит жасаган. (UE)

XS
SM
MD
LG