Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:52

“Ислам мамлекети” тобу Анбарда дагы 36 сунниттин өмүрүн кыйды


Жергиликтүү суннит уруу башчыларынын билдиргенине караганда, “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери бүгүн атып салган кеминде 36 кишинин 29у эркек, төртөө аял, үчөө жаш бала.

Окуя Ирактын батышындагы Анбар провинциясынын Рас ал-Маа деген кыштагында болгон.

Бул аймактагы сунниттердин Албу Наймр деген уруусунун мүчөлөрү “Ислам мамлкети” тобунун согушкерлерине каршы өкмөттүк күчтөрдүн катарында согушуп келген.

Ирактын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, бул уруунун 300дөн ашуун мүчөсү Рамади шаарынын түндүк тарабында өлтүрүлгөн.

АКШ баштаган коалициянын аба соккуларына карабай, “Ислам мамлекети” тобунун огушкерлери акыркы апталарда Анбар провинциясында жаңы аймактарды ээлей алды. (UE)

XS
SM
MD
LG