Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Сургутта үч баласы менен өлтүрүлгөн аял кыргызстандык болушу мүмкүн


Орусия -- Сургут шаарынын четиндеги жолдогу унаалар., 5-май, 2013.
Орусия -- Сургут шаарынын четиндеги жолдогу унаалар., 5-май, 2013.

Орусиянын Сургут шаарында 2, 3 жана 6 жаштагы балдары менен бычакталып өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалыматты "Азаттыкка" Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугунун өкүлү Азатбек Береналиев да тастыктады. “Жергиликтүү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү каза тапкан 34 жаштагы аял Кыргызстандын атуулу экенин айтышууда. Ошондой эле кылмышка шектелген адам дагы Кыргызстандын жараны болушу мүмкүн. Азыр маалымат такталып жатат,” – деди Береналиев. Бул окуя 31-октябрда болгон.

Бул кылмышка шектелген 27 жаштагы Раинберт Сабировдун сөөгү 2-ноябрда Сургуттагы курулуш жүрүп жаткан бир жерден табылган. Жергиликтүү тергөө органдарынын маалыматына ылайык, ал өзүн асып жанын кыйган. (TSh/LT)

XS
SM
MD
LG