Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Түркияда кайык коңторулуп, 24 мигрант набыт болду


Түркия -- куткаруучулар кайык кырсыгында мерт болгондордун сөөгүн чыгарууда. 3-ноябрь, 2014
Түркия -- куткаруучулар кайык кырсыгында мерт болгондордун сөөгүн чыгарууда. 3-ноябрь, 2014

Түркиянын масс медиасы бул кырсыктан 7 адам куткарылганын жана 9 киши дарексиз экенин кабарлашты. Аткезчилер кайыкка нормадан төрт эсе көп адам жүктөшкөн. 3-ноябрда таң эртең Стамбулдан чыгып, Румынияга бараткан кайыктагы оогандардын ар бири Евробиримдиктин баргер жашоосуна жетүү үчүн аткезчилерге бир нече миң евродон төлөшкөнү айтылат. Деңиз чек арачыларынын айтымында, кайыкта 12 бала жана 7 аял да болгон.

Эки ай мурда сириялык жана ооганстандык 82 мигрантты Румынияга алып бараткан кайыкты түркиялык чек арачылар Стамбулдун түндүк жээгинде кырсыктан сактап калган.

XS
SM
MD
LG