Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Бенгазидеги салгылашууда кеме жабыркады


Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарында өкмөттүк аскерлер менен ислам согушкерлери ортосунда катуу салгылаш жүрүүдө. 3-ноябрдагы урушка эки жактан учактар жана танктар катышты. Снаряддардын бири Бенгази портунда турган кемеге тийип, ал чөгүп кеткени маалымдалды. Коопсуздук кызматтарындагы булактын айтымында, Жер Ортолук деңизине чөккөн кеменин ээси тактала элек.

Бул маалымат башка булактар тарабынан тастыктала элек. Бенгази шаарындагы согуш 2011-жылы Муаммар Кадафи бийликтен кулатылгандан бери өлкөнү жана мунайдан түшкөн кирешени бөлүштүрүү үчүн жүрүп жаткан күрөштүн уландысы. Эки жума мурда Ливия армиясынын атайын күчтөрү экс-генералдын аскерлеринин колдоосу менен Бенгазиде согушкерлерге каршы чабуул баштаган.

XS
SM
MD
LG