Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Иранда антиамерикалык демонстрациялар өттү


Бүгүн АКШнын Тегерандагы мурдагы элчиканасынын сыртына элчиликти басып алуунун 35 жылдыгын утурлай бир нече миң адам чогулду. Жыл сайын өтчү демонстрациянын катышуучулары АКШ, Израил, Британиянын желектерин өрттөшүп, үч мамлекетке каршы ураандарды кыйкырышты. Бүгүнкү митинг шиитердин Ашура майрамына дал келди. Алардын алдында сүйлөгөн аалым-профессор Али Реза Панахиан Кошмо Штаттарды Керебала шаарында Имам Хусейнге каршы согушкан душмандарга салыштырды.

Ушундай эле жыйындар Ирандын башка шаарларында да өттү. 1979-жылы ноябрда Вашингтон колдогон шахты бийликтен кулаткан Ислам ынкылабынан кийин активист студенттер АКШ элчилигин басып алышкан. Алар 52 америкалыкты 444 күн барымтада кармашкан.

XS
SM
MD
LG