Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Баласын чет өлкөгө диний окууга жөнөткөндөргө айып пул салынат


Жумгал районунан балдарын Бангладешке диний окууга жиберген ата-энелерге айып пул салынат. Бул тууралуу район акими Абылгазы Исагулов “Азаттыкка” билдирди. Акимчилик 4-ноябрда өспүрүмдөрдү диний окууларга жиберүүнүн жол-жобосу боюнча жыйын уюштуруп, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин кеңейтүү боюнча чечим кабыл алынды. Ал жакка негизинен бойго жете элек балдар кеткендиктен, административдик жаза ата-энелерине колдонулмай болду. Бирок айып пулдун суммасы жана кай жерге төлөнөрү так эмес.

Райондон 2012-жылы 10-15 жаштагы онго жакын өспүрүм Бангладештеги диний окуу жайларга кетип калганы аныкталган. Бул факты боюнча УКМК текшерүү иштерин жүргүзүп, балдардын көбү кайтып келген. Учурда ал жакта дагы эки бала окуп жүргөнү айтылууда. SE)

XS
SM
MD
LG