Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Жалал-Абадда айдоочулар нааразылык акцияга чыкты


Шаардын борбордук бөлүгүндө Ош жана Өзгөн багыты боюнча каттаган такси айдоочулары автоунаа токтотуучу жайдын шаар сыртына которулушуна каршы болуп, шаардык мэриянын алдына нааразылык акциясына чыкты. Алар менен шаар мэри Салайдин Авазов жолугушуп, калаа ичиндеги автотыгынды азайтуу жана иретке келтирүү максатында шаар аралык каттамдагы таксилерди жана машруттарды автобекеттерге которуу тууралуу буйрук кабыл алганын жана аны аткаруу зарыл экендигин түшүндүрдү.

Ага макул болбогон айдоочулар калаа башчысын унаа токтотуучу жайга барууну айтышып, Авазов жеринде алардын маселесин көрүп, автобекеттен да бардык айдоочуларга шарт түзүп берерин билдирди.

Жалал-Абад шаарында 15 миң автоунаа каттоодон өтсө, күн сайын калаага 5-10 миң унаа кирип чыгат. (RsK)

XS
SM
MD
LG