Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

АКШ элчиси парламент кабыл алып жаткан айрым мыйзамдарга кабатыр


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен Жогорку Кеңеште даярдалган адам укуктарына байланышкан мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануусун билдирди. Элчи мындай пикирин 5-ноябрда Бишкекте АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия аймагы боюнча жардамчысынын орун басары Фатема Сумар менен студенттердин жолугушуусу учурунда айтты:

"Кыргыз парламенти соңку учурда адам укугун чектей турган мыйзамдарды кабыл кабыл алып жатышы бизди кабатыр кылат" ,- деп белгиледи АКШ элчиси.

Фатема Сумар болсо АКШ Кыргызстан менен билим берүү, экономика, жакырчылыкты жоюу жаатында иштеше берерин билдирди.

Элчи Спратлен буга чейин да Кыргызстандын парламенти Орусиянын таасири астында жазылган мыйзам долбоорлорун иштеп чыга баштаганына тынчсыздануусун билдирген эле.

Жогорку Кеңеш буга чейин кумсалыкты пропагандалоого каршы мыйзам долбоорун жактырган. Андан башка дагы бейөкмөт уюмдардын каражат булактарын ачыкка чыгаруу боюнча мыйзам долбоору даярдалып, бул боюнча парламенттик угуу өтөрү дайын болгон. (TSh/JAk)

XS
SM
MD
LG