Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:35

Рахмон: Тажикстанда сөз эркиндиги урматталат


Тажикстан президенти Эмомали Рахмон “жүздөгөн” маалымат каражаттары иштеп атканын айтып, өлкөдө сөз эркиндиги бар деди. Конституциянын 20 жылдыгына арналган жыйында президент Тажикстанда 307 менчик жана 209 мамлекеттик басылма, 49 менчик жана 19 мамлекеттик телерадиокомпаниялар жана ондогон менчик кабар агенттиктери иштегенин айтты.

Кагаз жүзүндө көз карандысыз деп аталганы менен Тажикстандагы көпчүлүк басылмалар саясий маселелерди козгоодон карманышат же өкмөткө тиешелүү материалдарды өз цензурасынан жакшылап өткөрүп турушат. "Фридом Хауз" уюмунун 2013-жылкы баяндамасына караганда, өлкөдө журналисттерди коркутуп-үркүтүү жана аларга зомбулук көргөзүү учурлары дагы эле катталууда. Соңку айларда Тажикстанда Фейсбук жана башка социалдык сайттар маал-маалы менен ачылбай жатат.

Тажикстанда Конституция күнү 6-ноябрда белгиленмекчи.

XS
SM
MD
LG