Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Москвада кыргыз-орус парламенттеринин төрагалары жолугушту


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн Москва шаарында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда төрага Асылбек Жээнбеков “Камбар-Ата – 1” ГЭСи, “Жогорку Нарын” ГЭС каскаддары сыяктуу биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, стратегиялык инвестор “Газпромдун” көмөгү менен өлкөнүн газ өткөрүү тутумун өнүктүрүү маселелерин айтты.

Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея кеңешинин көчмө жыйынына катышканы Орусияга кеткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG