Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Кыргызстандык жаш акын эл аралык сынакта атайын сыйлыкка татыды


Астанада өтүп жаткан жаш акындардын XVII эл аралык “Чабыт” фестивалы жыйынтыкталды. 3-ноябрда башталган сынакка бардыгы болуп 100 акын катышып, анын элүүсү экинчи турга өткөн. Бүгүн ошол элүү акын катышкан сынакта алдыга озуп келген калемгерлердин аттары аталды.

Чыгармачыл жаштар фестивалынын поэзия жанры боюнча баш байгеге казакстандык жаш акын Батырхан Шаршенхан татыктуу болду. Биринчи, экинчи, үчүнчү орундар да казак жаш акындарына ыйгарылды

“Чабыт” фестивалына Кыргызстандан жаш акындар Жылдызбек Турсунбаев менен Калича Жакыпова катышып жаткан. Калича Жакыпова эл аралык сынакта Астана калаасынын акимчилигинин Нагима Өтепова атындагы атайын сыйлыгын алды. (ZA)

XS
SM
MD
LG