Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Аба ырайы: чукул эскертүү


7-10-ноябрда күтүлүп жаткан катуу жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек-Ош (121-137,198-265 чакырымдары), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90, 145-150 чакырымдары), Ала–Бука-Каныш-Кыя (60-100 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Эскертүү: унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Аба ырайы:

7-ноябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Жолдор тоңголок, тайгак болот, тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз -3…+2,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4,

Бийик тоолуу райондордо -10…-15 күндүз -3…-8

7-ноябрда Бишкек шаарында мезгил-мезгили жаан, кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 0…2° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG