Талантбек Батыралиев Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул жарлыкка бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Профессор Талантбек Батыралиев көп жылдан бери Түркияда иштейт. Мурдагы министр Динара Сагынбаева 24-сентябрда өз арызы менен кызматтан кеткен. Коалициялык келишим алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги Социал-демократтар фракциясына бөлүнгөн. (TSh)