Белгилүү сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун 75 жылдыгы кичи мекени Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында белгиленип жатат. Бул тууралуу иш-чарада жүргөн саясий ишмер Кубатбек Байболов “Азаттыкка” билдирди. Иш-чарага өкмөттүн өкүлдөрү дагы катышууда.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. "Караш ашуусундагы атыш" тасмасындагы башкы каарман Бактыгулдун ролун аткаруу менен кино дүйнөсүнө кадам таштаган. Актер мындан башка "Жетинчи ок", "Дерсу Узала", "Кызыл алма" ж.б. биртоп советтик тасмаларга тартылган.
Сүймөнкул Чокморов 1992-жылы узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан. (TSh)