Бүгүнкү эки өлкөнүн жыйынында өлкө башчылары бир катар келишимдерге кол коюшту. Алар:
- Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынтымак жөнүндө келишим;
- Евразиялык интеграциялык жаатында Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы экономикалык биримдикти өнүктүрүү келишими;
- Энергетика жаатындагы биргелешкен келишимдер.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Казакстандын борбору Астанада мамлекеттик иш сапар менен жүрөт. Астанада эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешинин 4-жогорку жыйыны өтүүдө. Мамлекеттер аралык кеңеш эки өлкөнүн алакасын жана ортодогу келишимдерди, багыттарды көзөмөлдөгөн эң жогорку орган, ага эки мамлекеттин президенттери төрагалык кылат. (ZB/TSh)