Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Кыргызстанда маалыматтык сайттар көбөйүүдө


Мындай маалыматты “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев билдирди. Алардын 2013-жылы жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, өлкөдө расмий катталган бир жарым миңден ашык жалпыга маалымдоо каражаттары бар. “Акыркы учурда маалыматтык сайттар көп ачылып жатат жана азырынча так саны жок, бирок көбү кайсы бир саясатчыга таандык болуп жатат”, - деди Марат Токоев

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 159 гезит, 25 телеканал, 26 радиостанция иштеп жатат. Алардын ичинен кыргыз тилдүү 125 гезит, 26 телеканал жана 17 радиостанция бар. Ал эми орусча 71 гезит, 21 телеканал, 17 радио иштейт.

Бүгүн Кыргызстанда Басма сөз күнү. 1924-жылдын 7-ноябрында кыргыздын туңгуч гезити – “Эркин Тоо”, азыркы “Кыргыз туусу” жарык көргөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG