Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысы "мыкты радио кабарчы" наамын алды


Жеңиш Айдаров, "Азаттыктын" Баткендеги кабарчысы
Жеңиш Айдаров, "Азаттыктын" Баткендеги кабарчысы

Бүгүн, 7-ноябрь – басма сөз күнүнө карата кыргызстандык журналисттер жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында сынактын жыйынтыгы чыкты. Анда жалпысынан 11 журналист сыйланды, алардын ичинен “Азаттыктын” кабарчысы Жеңиш Айдаров да бар. Жеңиш Айдаров Баткендеги чек ара маселелерин ыкчам, бейтарап чагылдырганы үчүн "эң мыкты радио кабарчы" деген наамга татыды.

“Эң мыкты кабарчы” сынагы журналисттер арасында телеберүү, радио, гезит-журнал жана интернет басылма тармагы боюнча өз-өзүнчө аныкталды.

“Эң мыкты басма сөз кызматы” сынагы мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында өттү. Анда Чек ара кызматынын басма сөз кызматы биринчи, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы экинчи, Жогорку Соттун басма сөз кызматы үчүнчү орунду алды.

Жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Cынакты “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы уюштурган. (TSh)

XS
SM
MD
LG