Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

АКШ Иракка 1500 аскер жиберет


АКШ президенти Барак Обама аскерий эмес милдеттерди аткаруу үчүн Иракка 1500 жоокер жиберүү чечимин кабыл алды. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнесттин айтымында? АКШ аскерлери Ирактын коопсуздук күчтөрүнө окууларды өткөрүп, экстремисттер менен күрөшүү үчүн түрдүү кеңештерди беришет. Аскерлер “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топ менен күрөшүү ыкмасын күрт кошуундарына да үйрөтөт. Алар Ирактын АКШ аскерий күчтөрү жайгашкан Багдад жана Эрбил шаарларына жайгашат.

Ак үй Ирактагы жана Сириядагы террорчулар менен күрөшүү үчүн Конгресстен 5,5 миллиард доллар сурады, ал эми “Иракты жабдуу жана даярдык” жаңы фонд үчүн 1,6 миллиард каражат бөлүүсүн өтүндү.

XS
SM
MD
LG