Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Либерияда эболанын жайылышы басаңдады


Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму Батыш Африкада жайылып жаткан эбола вирусу соңку күндөрү Либерияда бир топ басаңдаганын маалымдады. Бирок эксперттер Либерияга коңшулаш болгон Сьерра-Леон, Гвинея сыяктуу өлкөлөрдө эпидемиянын жайылышы уланып жатканын айтышууда.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун бир апта мурдагы санагына караганда, эбола эпидемиясы башталгандан бери вирусту жуктургандар саны 10 миңден ашты, алардын беш миңге жакыны каза тапты. Каза болгондордун 2700дөйү либериялыктар.

XS
SM
MD
LG