11-ноябрда Бишкекте жигердүү жаштар үчүн 1938-жылкы сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерген иш-чара өтөт. Аны Прогрессивдүү демилгелер фонду уюштурууда. Иш-чарада жаштар үчүн совет бийлиги жасаган трагедия тууралуу маалыматтар берилип, даректүү тасмалар көрсөтүлөт.
Репрессия курмандыктарын 7-ноябрь күнү “Ата-Бейитте” өкмөт мүчөлөрү, шаар мэри жана ЖК депутаттары да эскерген.
1938-жылы ноябрда кыргыздын чыгаан уулдары, агартуучулары, элдин эркиндиги үчүн тайманбай күрөшкөн атуулдары сталиндик репрессияга тушугуп, атылып, алардын сөөгү Бишкектин жогорку тарабындагы Чоң-Таш айылынын жанындагы бир чуңкурга чогуу көмүлгөн. Маркумдардын сөөгү андан элүү үч жылдан соң табылып, 1991-жылы кайра жерге берилип, бул жай ошондон тарта «Ата-Бейит» деп аталып калган.