Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Обама эки АКШ жаранын бошоткону үчүн Түндүк Корея бийлигине ыраазычылык билдирди


Түндүк Кореяда бошотулган Мэттью Миллер жана Кеннет Баэ 8-ноябрдын кечинде Кошмо Штаттарга кайтып келишти. Мэтью Миллер Пхеньянга башпаанек сурап кайрылган. Бирок Түндүк Корея соту анын өтүнүчүн аткаруунун ордуна алты жылга эмгек лагерине айдап жиберген.

Корей улутундагы америкалык миссионер Каннет Баэ болсо 2012-жылы Түндүк Кореяда кармалып, он эки жыл абакка кесилген. Аны тыюу салынган адабиятты таркатты жана бийликти кулатууга ниеттенген деп айыпташкан.

Американын бийлиги эки туткунду бошотуу процессинин чоо-жайын жарыялаган жок. Буга чейин АКШ Пхеньянды америкалык туткундарды өзүнүн дипломатиялык кадамдарын ишке ашыруу үчүн колдонуп жатат деп айыптап келген.

XS
SM
MD
LG