Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Орусия менен Кытай 17 келишимге кол койду


Орус президенти Владимир Путин менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпиндин жолугушуусу жекшембиде, Бейжинде болду. Келишимдердин ичинде “Газпром” менен Кытайдын улуттук нефтегаз корпорациясы Орусиядан Кытайга газ ташуу боюнча келишти. “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер Кытайга газ Батыш Сибирден ташыларын айтып, бул куурдан Европага да көгүлтүр от сатылып келгенин кошумчалады. Келишимге ылайык, Кытайга бир жылда 30 млн. кубметр газ берилмекчи. “Газпромдун” өкүлү Сергей Куприянов алып-сатуу маселеси келерки жылы чечилерин айтып, толук суммасын ачыктоодон баш тартты.

Мурдараак май айында Кытайдын мунай корпорациясы “Газпром” менен газ боюнча отуз жылдык келишимге жетишкен. Келишим Орусиядан Кытайга “Сибир күчү” газ түтүгү менен берилмекчи, долбоордун жалпы суммасы 400 млрд. доллар турат.

Бейжинде сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын президенти Владимир Путин Кытай-Орусия кызматташтыгын “дүйнөдөгү эл аралык укукту теңдейт” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG