Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Аскар Акаев 70 жашка чыкты


Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев бүгүн 70 жашка толду. Ал 1944-жылы 10-ноябрда Кемин районунун Кызыл-Байрак айылында жарык дүйнөгө келген.

Аскар Акаев 1990-жылдын 27-октябрында Кыргыз ССРинин президенти болуп шайланып, 2005-жылдын 24-мартында бийликтен кулатылган. Ал март окуясынан кийин мекенин таштап Орусияга качып кеткен.

Кыргызстандын мурдагы президенти учурда үй-бүлөсү менен Москвада. Акаев учурда Москва мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштейт. (UEz)

XS
SM
MD
LG