Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Жалал-Абад: Жарыксыз операция жасалган оорукана иштебей турат


Жалал-Абад шаарында жайгашкан түштүк аймактык жүрөк-кан тамырлар илим изилдөө борбору бир айдан бери иштебей турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордун директорунун орун басары Венера Орунбаева билдирди. Анын айтымында ооруканада кошумча электр жана трансформатор жоктугуна байланыштуу операция жасоо убактылуу токтотулган. Борбордун ишин калыбына келтирүүгө 8,5 млн сом керектелет.

Эске салсак, 10-октябрь күнү аталган борбордо операция учурунда электр энергиясы өчүп калып, дарыгерлер ишин телефондун жарыгында улантышкан.

Азыр оор абалдагы 10 бейтап чукул операцияга муктаж, дагы 300гө жакыны кезекте турат. Илимий борбор 2011-жылы ачылып, быйыл жыл башынан бери 110 адамдын жүрөгүнө операция жасалган. (RsK)

XS
SM
MD
LG