Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Кадамжайда жоголду делген 21 жаштагы кыз Түркиядан табылды


Ал ата-энесине айтпай, интернетте таанышкан жигитине жолугуу үчүн кетип калганын милиция аныктады. Райондук ИИБдан “Азаттыкка” маалымдашкандай, Кара-Дөбө айылынын тургуну 21 жаштагы кызы жоголуп кеткенин айтып, милицияга кайрылган. Алардын айтуусунда, кызы Орусияга барып иштеп келерин айтып жүргөн болчу. Белгилүү себептерден улам кыздын аты аталбайт.

Милиция иликтөө иштеринин натыйжасында кыз Орусияга эмес, Түркияга учуп кеткенин аныктады. Маалыматтарга ылайык, ал интернеттен таанышкан жигитине жолугуу үчүн кеткен, кыздын жол киресин Түркиядагы жигит каржылаган. Учурда бул иш боюнча иликтөө улантылып жатат.(JsA;ZKo)

XS
SM
MD
LG