Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

Максат Дыйкановдун иши сотко ашырылды

Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу дүйшөмбүдө парламенттин коррупцияга каршы комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган министрликтеги аткаминерлер, анын ичинде министрликтин статс-катчысы Максат Дыйкановго козголгон кылмыш иши да сотко өттү.

Быйыл июль айында Башкы прокуратура тарабынан Транспорт жана коммуникация министрлигинин кызматкерлерине карата 9 кылмыш иш козголгон. Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, аталган министрликтеги жемкорлуктан өлкө казынасына соңку жылдары 49 млн. сом зыян келтирилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG