Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Москвада Кыргызстан менен Орусиянын ИИМ башчылары жолугат


Ички иштер министри Мелис Турганбаев бүгүн Москвада орус кесиптеши Владимир Колокольцев менен жолугат. Бул тууралуу Орусиядагы элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн тартип коргоо тармагындагы кызматташтыгы, уюшкан кылмыштуулукка каршы бирге күрөшүү сыяктуу маселелер туурасында болот.

Мындан сырткары Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы өкүлү тууралуу келишим талкууланат. Турганбаев 9-ноябрда кыргыз диаспорасы менен жолугуп жатып бул маселени чечерин убада кылган.

Кыргызстандын аталган өлкөдөгү ИИМ өкүлү эки жылдан бери иштеп келген. Бирок эки өлкө ортосунда бул багытта расмий келишим болбогондуктан анын укуктары чектелүү болчу. Бул кызматка 9-ноябрда мурда ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгында эмгектенген Аскат Алиев дайындалган. (UEz)

XS
SM
MD
LG