Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Мамкызматкерлердин спартакиадасына министрлер катышкан жок


Мамлекеттик кызматкерлер арасында өтүп жаткан спартакиадага бир да министр катышкан жок. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

8-ноябрда Бишкекте башталган мелдештер спорттун 12 түрү боюнча өтүп жатат. Ага 39 мамлекеттик органдын өкүлдөрү катышууда.

Буга чейинки мелдештерде каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев жеңил атлетика боюнча 45 жаштан улуулар арасында 100 метрге чуркап биринчиликти алган.

Үчүнчү жолу өтүп жаткан спартакиаданы уюштурууга Дене тарбия жана спорт агенттиги эки миллионго жакын сом сарптаган.

Спартакиаданын тандоо этабында мамлекеттик органдардын жетекчилери милдеттүү түрдө программага кирген спорттун түрлөрүнүн бирөө боюнча жарышка чыгышы керек. (ECh/UEz)

XS
SM
MD
LG