Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Нурсултан Назарбаев «Нурлуу жол» программасын жарыялады


«Нурлуу жол» деп аталган экономикалык программа структуралык реформалардын уландысы болот. Бул тууралуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн бийликтеги «Нур Отан» партиясынын чоң жыйынында элге кайрылып жатып билдирди. Казак лидери улуттук фонддон 2015-2017-жылдардагы республика бюджетине жыл сайын 3 млрд. доллар которуп турууну тапшырды. Бул үчүн керектүү документтерди даярдоого өкмөткө бир апта убакыт берди.

- Улуттук кордун резервдерин пайдаланууга шарт жаралды. Казакстан башка элдердин каталарын кайталабашы керек. Жыйналган каражат элдин турмуш-шартын жакшыртууга жумшалышы зарыл, - деди Назарбаев. (КЕ)

XS
SM
MD
LG