Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Ош: Аравандык эки тургун Сирияга үй-бүлөсү менен кеткени аныкталды


Араван районунан эки үй-бүлө балдары менен Сирияга чыгып кеткен. Бүгүн бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти. Сирияга кеткендердин бири мурда соттолгон, 63 жаштагы Дилорамхон Ахмедова болуп чыккан. Ал өзү менен кошо 26 жаштагы кызын жана төрт жашар небересин өткөн жылдын апрель айында алып кеткени аныкталды.

Экинчи үй-бүлөнүн башчысы ушул эле Араван районунун 41 жаштагы тургуну Икромжан Каримов. Ал дагы 24 жаштагы аялын жана үч жашар уулун мындан эки жыл мурун алып кеткени ачыкка чыкты.

Соңку маалымат боюнча Кыргызстандан Сирияга кеткен жарандардын саны 150дөн ашты. Алардын арасында аялдар да бар. Сирияга кеткендердин онго жакыны ошол жерде каза тапканы айтылууда. (YI)

XS
SM
MD
LG