Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Жалал-Абад: Документсиз жүргөн 30 жаранга паспорт берилди


Бүгүн БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары менен Мамкаттоо кызматынын өкүлдөрү Ош жана Жалал-Абад облустарынын документи жок жүргөн 30 тургунуна паспорт тапшырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" БУУ комиссарынын коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Айнагүл Абдрахманова билдирди.

Документи жок жүргөндөрдүн санын азайтуу долбооруна өлкө боюнча 5,5 миңдей адамдан арыз түшкөн. Алардын көбү советтик паспортун алмаштыра электер жана такыр паспорт албагандар. Советтик кызыл паспортту жаңысына алмаштырбай жүргөндөрдүн көбү 40 жаштан жогорку курактагылар.

БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы Кыргызстанда 15 миӊден ашык кишинин жарандыгы жок экенин жарыялаган. Жалал-Абад облусу боюнча 1,5 миң адамга паспорт берүү каралууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG