Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:05

Лейла Юнус адвокат алуу укугунан ажыратылды


Бул тууралуу азербайжандык укук коргоочу Лейла Юнус кызына жана «Жарандык көмөк көрсөтүү» комитетинин өкүлү Светлана Ганнушкинага жазган катында билдирген. Буга байланыштуу маалыматты Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо уюму өзүнүн сайтына жарыялады. Катта Франциянын президенти Франсуа Олланд Азербайжан лидери Илхам Алиев менен Парижде жолугуп, Лейла Юнустун тагдыры тууралуу сүйлөшкөндөн кийин абал өзгөргөнү айтылат.

29-октябрда Азербайжанда Башкы прокуратуранын чечими менен адвокат Жавад Жавадов жактоочулук укуктан четтетилген. 5-ноябрда экинчи адвокатка карата ушундай чечим чыккан. Анын себеби түшүндүрүлгөн эмес.

Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү Лейла Юнусту оор кылмыштарга айыптап, ушул жылдын июль айында шаар четиндеги үйүнөн кармап кетишкен. Октябрдын соңунда анын абак мөөнөтү төрт жылга узартылган.

57 жаштагы Лейла Юнус Бакудагы өзү түптөгөн Тынчтык жана демократия институтун жетектейт жана көп жылдардан бери армениялык өнөктөштөрү менен элдик дипломатия аркылуу эки эл арасындагы мамилени жакшыртууга салым кошуп жаткан. Ал өз өлкөсүндөгү адам укуктарынын бузулушун сындап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG