Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:13

Албания өкмөт башчысынын Сербияга сапары соңуна чыкты


Албаниянын премьер-министри Эди Раманын Сербияга жасаган эки күндүк сапары соңуна чыкты. Визиттин алкагында Рама Сербиянын түштүгүндөгү этникалык албандар басымдуулук кылган Прешевск өрөөнүнө барды. Жергиликтүү тургундар албан лидерин “Рама биздин премьер-министр” деп жазылган плакаттар менен тосуп алышты.

Албаниянын премьер-министри Эди Раманын Сербияга барышы «тарыхый визит» катары бааланып жатат. Бул Албаниянын жогорку даражадагы жетекчисинин коңшу Сербияга соңку 68 жылда биринчи барышы. 10-ноябрдагы маалымат жыйында Косового байланыштуу эки өлкө лидерлери кайым айтышканга чейин барышкан.

Косово көз карандысыз өлкө экенин 2008-жылы жарыялаган. Бирок Сербия анын эгемендигин тааныбай келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG