Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Марокко Африка биринчилигин өткөрүүдөн баш тартты


Марокко 2015-жылга белгиленген Африка биринчилигин өткөрүүдөн баш тартты. Мындай чечим эбола вирусуна байланыштуу кабыл алынганын футбол конфедерациясынын маалымат кызматы билдирди. Мурдарак Марокко эбола илдети катталган өлкөлөрдүн командаларын кабыл алуудан кооптонуп, мелдештин убактысын жылдырууну өтүнүп кайрылган. Конфедерация бул сунушка макул болбой, Марокконун командасын турнирден чыгарып койду.

Кубоктун финалдык оюну 2015-жылы 17-январдан 8-февралга чейин өтүшү керек. Азырынча мелдеш кайсы жакта өтөрү аныктала элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG