Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Өрт кырсыгы көбөйдү


Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 3700 өрт кырсыгы катталып, 62 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ошол эле учурда өрт өчүргүчтөр 164 кишинин өмүрүн сактап кала алышкан.

Былтыр он ай ичинде 3450 өрт кырсыгы чыгып, каза тапкандардын саны 49 болгон.

Адистердин айтымында, тилсиз жоонун жайылышына этиятсыздык жана электр жабдуусун пайдалануу эрежелеринин бузулушу себеп болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG