Бишкекте Борбор Азия аймагындагы коопсуздук маселесин талкуулоого арналган эл аралык конференция өтөт. Кыргыз Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара жума күнү Дипломатиялык академияда болот. Ага НАТО өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, эксперттер катышат.
Талкуулана турган негизги маселе - бир айдан кийин Ооганстандан НАТО аскерлеринин негизги бөлүгү чыгарылып кеткенден кийин аймактык коопсуздукту камсыз кылуу.
АКШ жана Ооганстандын ортосунда бир ай мурда жетишилген коопсуздук келишимине ылайык, 2014-жылдан кийин да ооган жергесинде америкалык аскерлердин бир нече миңдейи кала бермекчи. (RK)