Бул тууралуу Бишкектин башкы архитектурасынын Курулушка уруксат берүү башкармалыгынын башчысы Кайрат Борбуков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында мындай чечимге Башкы жана шаардык прокуратуранын токтомдору себеп болгон.
- Прокуратура мыйзамсыз курулуштар боюнча көптөгөн эскертүүлөрдү берди. Курулуштарды мыйзамдаштыруу талаптары коюлду. Көп жерде архитектуралык нормалар бузулган. Ушул себептүү уруксат берүү иши токтотулду, - деди Борбуков.
Эми Бишкектин борбордук бөлүгүнө көп кабаттуу үй салууга убактылуу уруксат берилбейт.
Бишкекте миңге жакын курулуш жүрүп жатса, анын 150гө жакыны эрежеге жооп бербейт. (UEz)