Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху дүйнөлүк державалардын Иран менен өзөктүк курал боюнча макулдашуусу кооптуу деп эскертти. Ал бул тууралуу Түндүк Америкадагы жөөттөр федерациясынын жыйынында билдирди. Жыйынга Нетаняху Иерусалимден спутник байланышы аркылуу катышты.
- Иран өз өлкөсүнүн экономикасына олуттуу таасир тийгизген санкцияларды жоюуну көздөп жатат. Бирок Тегеран буга жооп катары өзүнүн өзөктүк куралдарын толугу менен жок кылышы керек, - деп билдирди.
Дүйнөлүк державалар менен Иран уранды байытуу программасын чектөө жөнүндө туруктуу келишимге 24-ноябрга чейин кол коюуга тийиш.
Иран өзөктүк курал боюнча Израилдин жана Батыш өлкөлөрүнүн айыптоолорун четке кагып, өз программасын тынчтык максатта деп таңуулап келет. (КЕ)