Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Бишкек: Бош муниципалдык орундарга сынак өтүүдө


Ушу тапта Бишкек мэриясында шаардагы бош муниципалдык кызматтарга сынак өтүүдө. "Азаттыктын" кабарчысынын билдиргенине караганда, иш-чара жабык жүрүп жатат. Айрым талапкерлер сынак жең ичинен жүргүзүлүп жатканын, жеңүүчүлөр ким болору мурда эле чечилгенин айтып нааразы.

Мэриянын уюштуруу бөлүмүнөн "Азаттыкка" кабарлашкандай, бул сыяктуу сынактар мэрияда гана эмес, бардык мамлекеттик структураларда өткөрүлүп келет. Биринчи айлампа учурунда Кадр кызматынын элегинен өткөндөр бүгүнкү экинчи турга катышууда. Атайын түзүлгөн комиссиянын колдоосуна ээ болуп тандалгандар тизмеси мэрге кол коюуга жөнөтүлөт.

"Сынак такыр жабык өтүүдө деп айткан негизсиз, себеби ал жерде байкоочу катары шаардык кеңештин депутаттары жана бейөкмөт уюм өкүлдөрү катышууда" деп билдиришти мэрия өкүлдөрү. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG