Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Бажы биримдиги: утабызбы, же утулабызбы?


Биримдикке киргенден кийин өзгөчө "Дордой", "Мадина" сыяктуу реэкспорт менен алектенген соода түйүндөрүндө жумушсуздук кескин жогорулайт.
Биримдикке киргенден кийин өзгөчө "Дордой", "Мадина" сыяктуу реэкспорт менен алектенген соода түйүндөрүндө жумушсуздук кескин жогорулайт.

Бардык эле экономикалык системаларда сооданын эркин болушу жакшы деп саналат. Анткени эркин, тоскоолдуксуз соода байланышы экспорт менен импорттун агымын гана жакшыртпастан, өндүрүштүн структурасынын оптималдашуусуна, эмгек рыногунун адистешүүсүнө жана жеке сектордун атаандаштык менен иштөөсүнө өбөлгө түзөт. Дүйнөлүк практикада эркин соода мамилесин түзүүнүн эң кеңири тараган эки түрү белгилүү: эркин соода келишими (FTA - free trade agreement) жана Бажы биримдиги (CU - customs union).

Бирок бүгүнкү күндө мамлекеттер көбүнчө эркин соода келишимин тандап (85%), Бажы биримдигине аз гана мамлекет артыкчылык берет. Себеби Бажы биримдиги мамлекеттердин өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүүсүнө чек коюп, бирдиктүү тариф саясатын колдонууга мажбурлайт. Мамлекеттер келечекте бирдиктүү континенттик уюм түзүүнү максат кылган учурда гана Бажы биримдигин түзүп келишет.

Демек Орусия, Беларус жана Казакстан ортосундагы Бажы биримдигинин да келечектеги максаты - толук кандуу Евразиялык биримдик түзүү. Бирок бул сыяктуу толук кандуу континенттик уюмдун түзүлүшү үчүн бардык мүчөлөрдү бириктирген коомдук баалуулуктар болушу зарыл.

Бүгүнкү күндө идеалдуу болбосо да салыштырмалуу мыкты деп саналган жалгыз уюм бул - Европа биримдиги болуп саналат. Европа биримдигинин бардык 28 мамлекетин бириктирип турган бир канчалаган баалуулуктар бар: aдам укуктарынын корголушу, экономикалык атаандаштык, aдилеттүүлүк, коопсуздук ж.б.

Өзгөчө жөнөкөй европалыктардын тилдик жана диндик өзөктөрү да дээрлик окшош. Ал гана эмес, алардын күнүмдүк керектелүүчү товарларга болгон тандоолору да көп эле бири-биринен айырмалана бербейт.

Ал эми Евразия континентиндеги Бажы биримдигинин жалпы окшош баалуулуктары барбы жана алар канчалык деңгээлде иш жүзүндө корголот деген суроолор азырынча жоопсуз калат. Анткени экономикалык байланышта да мүчө өлкөлөр бири-бирин толуктап, кызматташууга кызыкдар болушу керек. Мисалы, Казакстан, Беларус жана Кыргызстан үчүн Орусия стратегиялык өнөктөш болгону менен Орусия үчүн бул өлкөлөрдүн экономикалык маанилүүлүгү чектелүү гана.

Орусиянын жалпы соода үлүшүндө Борбор Азия мамлекеттери менен болгон соода байланышы 14% ашпайт. Ал эми инвестиция болсо 1% жетпейт. Бирок ошол эле мезгилде Орусия өзгөчө Кыргызстан менен Тажикстандын мүчө болушуна өтө кызыкдар. Себеби Кыргызстандын мүчө болуусу менен Орусия Кытайдан келип жаткан арзан товарларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал эми Тажикстандын мүчө болушу Ооганстандан мыйзамсыз өтүп жаткан маңзаттарын чектөөгө жардам берет.

Бажы биримдигинин керектөө рыногуна таасири

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү рыноктун кеңейишине шарт түзөт. Мурун кыргыз өндүрүшчүлөрү 5 миллиондук ички рынокко кызмат көрсөтсө, биримдикке кирсек 170 млн. кардары бар чоң рынокко кызмат көрсөтө алат. Өзгөчө айыл чарба продукцияларынын сатылышы жана жеңил өнөр жайдын абалы жакшырышы мүмкүн.

Миграцияга тийгизген таасири

Бажы биримдигине кирүү менен Орусия жана Казакстанда иштеп жаткан мигранттардын шарттары жакшырып кетиши бир аз күмөн. Анткени эмгек күчүнүн эркин болушу бир гана Эркин Евразиялык аймакта гана ишке ашат. Бирок мигранттардын абалы жакшырып кеткен күндө да бул маселе чечилди деп, же Бажы биримдигинин оң таасири деп айтууга болбойт. Себеби миграция бул өлкөнүн ичиндеги өтө чоң социалдык маселе. Аны чечүү үчүн өлкөгө чет элдик инвестицияларды түз тартып, реалдуу экономиканы жандандыруу керек.

Кошуна өлкөлөргө мигранттар канчалык көп кетип жатса, бул ошончолук келечектеги жаш, ишке жарамдуу эмгек күчүн жоготуу болуп саналат (улуттук генофонд, үй-бүлө институтунун бузулушун эске алсак миграция биз ойлогондон да татаал маселе болуп чыга келет).

Мигранттардан жөнөтүлгөн каражаттын 80% күнүмдүк керектөөгө кетип, узак мөөнөттүү инвестицияга 9% жана балдардын билим алуусуна 10% гана колдонулат. Демек мигранттардан которулган каражат күнүмдүк жашоого гана жумшалып, келечек үчүн олуттуу салымы болбой келет.

Ички рынокто бааларга тийгизген таасири

Бажы биримдигинин жалпы тарифтик саясаты Орусиянын тарифтик саясатына негизделген үчүн Кыргызстандын рыногунда баалардын өсүшү орточо эсеп менен 10-12% өсөт деп күтүлөт. Анын негизги себеби импорттолуп келген товарларга коюлган тарифтердин орточо эсеп менен 6% жогорулашы жана айрым товарларга болгон жөнөкөйлөтүлгөн шарттардын жоюлушу болуп саналат. Өзгөчө Бажы биримдигинен импорттолбогон өндүрүштүк товарлардын жана унаалардын баасы өсөт. Баалардын өсүшү Казакстан жана Беларуста да байкалган. Анткени Беларуста эт азыктарына, машинеге болгон тариф 7% чейин өскөн. Казакстанда тарифтер дээрлик 45% чейин өсүп, ал эң көп жабыр тарткан өлкө болду. Ал эми Орусиянын рыногунда 4% тарифтик төмөндөө болгон (электроника, фармацевтика, жер-жемиш продукциялары).

Экономикалык өсүшкө тийгизген таасири

Импорттук тарифтердин өсүшү жана алдыңкы техника-технологиянын өндүрүштө чектелүү колдонулушу экономикалык өсүштү басаңдатып, орто эсеп менен 0.6% жылдык төмөндөө күтүлүп жатат. Экономикалык басаңдоо мамлекеттин кирешесин да төмөндөтөт (орто эсеп менен 60 млн. доллaр).

Ошондой эле бизнестин алсызданышы салык кирешелеринин (киреше жана пайда салыгы) төмөндөшүнө себеп болот. Казакстанда да 2011-жылы мамлекеттик киреше 0.2%, ал эми реалдуу маяна 0.5% жана капиталдык киреше 0.6% төмөндөгөнү белгилүү.

Ушул сыяктуу тарифтик өсүштөн экономиканын жабыркоосу 1973-жылы Британия Европа экономикалык комитетине киргенде да катталган. Британиянын 1973-1980-жылдардын аралыгында жылдык соодадагы жоготуусу 2.3% түзгөн. Бул маселени чечүү үчүн Европа экономикалык комитети ар түрдүү каржылык колдоо саясатын жүргүзгөн (экономикалык өнүгүү, айыл чарба тармагын колдоо жана салыктык бөлүштүрүүлөр).

Ал эми Бажы биримдиги жабыр тарткан мүчө өлкөлөргө кандай колдоо саясатын көрсөтө алышы мүмкүн? Негизи ал каржылык фонддун көлөмү тарифтик кирешелерден көз каранды. Бүгүнкү шартта тарифтик кирешенин мүчө өлкөлөрдүн ортосунда бөлүнүшү алардын 2007-2008-жылдардагы жалпы импорттогу үлүшүнө жараша болот; Беларус 4.7%, Казакстан 7.33%, Орусия 87.97%.

Демек жабыр тарткан өлкөлөргө каржылык колдоонун көрсөтүлүшү аздыр-көптүр Орусиянын чечиминен көз каранды.

Эмгек рыногуна тийгизген таасири

Атаандаштыкка туруштук бере албаган тармактарда жумушсуздуктун өсүшү күтүлөт. Өзгөчө "Дордой", "Мадина" сыяктуу реэкспорт менен алектенген соода түйүндөрүндө жумушсуздук кескин түрдө жогорулайт. Ал эми башка тармактарда адистердин кайрадан адистешүүсү талап кылынат.

Айпери Сулайманова, Германия

XS
SM
MD
LG