Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

Ала-Бука: чек арада кыргыз жараны окко учту


Аксы жана Ала-Бука райондоруна коюлган эскертүү тактайлары.
Аксы жана Ала-Бука райондоруна коюлган эскертүү тактайлары.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда өзбек чек арачылары аткан октон райондогу Ак-Коргон айыл округунун тургуну Ахмад Набиев каза тапты.

Өзбек чек арачылары маркумдун сөөгүн Кыргызстанга өткөрүп бере элек. Серепчилер бул жагдайды эл аралык нормаларды бузуу катары сыпаттап, чек ара тилкелерин аныктоонун кечеңдеши мындай окуялардын көбөйүшүн шарттап жатканын белгилешүүдө.

40 жаштагы Ахмад Набиевдин өмүрүн алган окуя 13-ноябрь күнү эртең мененки саат 9:30дар чамасында Ала-Букадагы Өзөк айыл аймагында - эки өлкөнүн такталбаган чек ара тилкесинде болгон. Маркум Ак-Коргон айылдык аймагынын Падек айылында жашачу. Эмне себептен ок атылганы азырынча белгисиз. Тактала элек кабарларга ылайык, ал жашыруун жол менен коңшу өлкөгө жүк алып баратканы айтылууда.

Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчи орун басары Абдыкерим Алимбаев “Азаттыкка” билдиргендей, Набиев октон жараат алган соң өзбек аскерлери аны өз аймагына алып кирип кетишкен жана ошол жакта көз жумган:

- Окуя болгон жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматкерлери жолугуп, тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Эмне себептен ок атылганы сүйлөшүүлөрдөн кийин аныкталат. Милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да ошол жерде жүрөт.

Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу үч район менен 202 чакырым аралыкта чектешет. Бул жерде 12 такталбаган аймак бар. Алардын жалпы узундугу 64 чакырымды түзөт.

Чек арада чыр-чатактар тез-тез катталгандыктан, өткөн жылы “Көңүл бургула! Мамлекеттик чек ара 50 метрден кийин!”, “Токто! Курал колдонулат!” деген жазуулары бар эскертүү такталары чектеш аймактагы жүздөн ашуун жерге орнотулган.

Кыргыз-өзбек чек арасын ушундай жол менен өткөндөр да бар
Кыргыз-өзбек чек арасын ушундай жол менен өткөндөр да бар

10-ноябрь күнү да Баткендин Кадамжай районундагы Кара-Жантак аймагынын Өзбекстан менен чектешкен жеринде кошуна мамлекеттин чек арачыларынын огунан бир кыргыз жараны - Кадамжай районунун тургуну Адахан Мойдунов жараат алган. Ал ошондон бери Өзбекстандын Фергана облусундагы Вуадил аймагындагы ооруканада жатат.

Коопсуздук жаатындагы серепчилер коңшу өлкө чек арачыларынын бул кадамын эл аралык мыйзам нормаларын бузуу катары сыпатташат. “Антитеррор” бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбековдун айтымында, алар адам өлүмүн кыюуга аракет кылбай, асманга эскертүү иретинде ок чыгарышы керек болчу же кармап, суракка алышы зарыл эле:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

- Өзбек чек арачылары муну менен үстөмдүк көрсөтүүгө аракет кылууда. Эл аралык нормаларды бузуп, опурталдуу кадамдарга барып жатат. Мындай окуялардын болушуна буга чейинки чек ара чатактарын жеткиликтүү иликтенбегени, эч ким жазаланбаганы себеп болууда. Эки мамлекет ортосундагы чек ара тилкелеринин аныктоо иштеринин натыйжалуу жүрбөй жатышы да ушундай кесепеттерге алып келип жатат.

Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын төрт жыл мурда жаап койгон. Ага чейин бири-бирине товар сатып күн өткөрүп турган кишилер жан багуунун амалын издеп, мыйзамсыз жолдор аркылуу тигил же бул жакка каттоону адат кылышкан. Ошондой эле той-топур же өлүм-житимге барчу кишилер да айрым учурларда коңшу өлкөнүн катаал чек ара көзөмөлүнөн качып, жашыруун жолдор аркылуу өтүшөт.

Калкты кыйнаган чектөөлөр

Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчи орун басары Абдыкерим Алимбаевдин айтымында, жарандар кай жер чек ара тилкеси экенин, кай жер тактала элек аймакка кирерин билип калышты. Бирок буга чейинки катташуу жана товар алмашууга чектөөнүн киргизилиши аларды мыйзам бузууга түртүп жатат:

- Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул жаатта эл арасында түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүп келет. Ок атуулар жана башка ушул сыяктуу чыр-чатактар көп учурда аткезчилик жол менен тигил же бул өлкөгө жүк ташыган учурда болууда.

Быйыл жыл башынан бери кыргыз-өзбек чек арасында төрт жолу куралдуу чыр-чатак катталды. Андан бир кыргыз, бир өзбек жараны каза тапты. Кыргызстандык бир адам жараат алды.

Кыргызстан Өзбекстан менен 1378 километрдей аралыкта чектешет. Анын 371 километрден ашыгырагы тактала элек. Делимитация жана демаркация иштери бир канча жылдан бери аягына чыкпай келүүдө.

XS
SM
MD
LG