Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Ашраф Гани кошуна Пакистанга аттанууда


Ооганстандын президенти Ашраф Гани эртең Пакистанга алгачкы мамлекеттик визит менен бармакчы. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Гани жетектеген жогорку даражалуу делегациянын эки күндүк сапары тууралуу маалыматты бышыктады.

Эки кошуна өлкөнүн мамилелерине өз ара ишенбөөчүлүк маанайы көлөкө түшүрүп келатат. Мурдагы ооган мамлекет башчысы Хамид Карзай Пакистан аймагынан Ооганстанга, НАТО аскерлерине кол салган талиптер менен башка согушкерлерге колдоо көргөзүүдө деп Исламабадды улам-улам айыптап келди. Пакистан бийлиги дооматтарды четке кагууда.

Сентябрда кызматка киришкен Гани ошондон бери Сауд Арабия жана Кытайда болду. Өткөн апталарда Пакистандын бир катар расмий адамдары, анын ичинде армиянын кол башчысы жана чалгын кызматынын жетекчиси Кабулда болуп кетишти.

XS
SM
MD
LG