Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

"Филе" зонду кометага конду


Европанын Космос агенттиги кометага робот-зондду кондурду. Бирок "якорь" системасындагы айрым мүчүлүштүктөр пландалган изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тоскоол болушу мүмкүн. “Филе” деген зонд аны ташыган “Розетта” космос кемесинен бөлүнүп, кечээ 67Р кометасынын кыртышына конгон. Космос агенттиги бул окуяны адамзат үчүн “ири кадам” деп атаса, НАСА аны космосту иликтөөдөгү маанилүү учур деп сыпаттады.

Бирок 100 килограммдык зонддон түшкөн алгачкы маалыматтарга ылайык, кометага жармаштырган атайын казыктар толугу менен ачылбай калды. Буга карабай жабдык кометанын кыртышы тартылган биринчи сүрөттөрдү жөнөтө баштады. “Розетта” кометага жетүү үчүн 10 жыл учкан.

XS
SM
MD
LG