Босния-Герцеговинада террорчулук үчүн шектелген 11 киши кармалды. Алардын айрымдары “Ислам мамлекети” уюмунун катарында согушкан же башкаларды жалдаган, террордук топторго акча топтогон деп шектелгендер бар.
Полициянын маалыматы боюнча 13-ноябрда Сараево жана башка шаарларда өткөрүлгөн операцияга 100дөн көп полициячы катышты.
Прокурлор айрым шектүүлөрдүн курал-жарак жана жардыргыч заттарды сакташканын далилдеген фактылар бар дешет. Апрелде Босния чет өлкөлөрдөгү согушкер топтордун курамында согушкан же башкаларды жалдагандарды 10 жылга чейин абакка кесүү беренесин киргизген.
Сентябрда ушундай эле операцияда исламчыл согушкер деп шектелген 16 киши камакка алынган, бешөө азыркыга чейин кое бериле элек.
Расмий маалыматтарда босниялык 150дөй жаран Ирак менен Сириядагы жоочуларга кошулган. Алардын 20 чактысы набыт кеткен.