Жер титирөө бүгүн таңкы саат 7:30 чамасында болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен сейсмология институтуна таянып “Азаттыкка” билдиришкени боюнча силкинүүнүн очогу Ысык-Көлдүн Кажы-Сай шаарчасына жакын жерде. Жер титирөөнүн күчү очогунда болжол менен 5-6 балл деп айтылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок. Силкинүүнүн толкундары Бишкекте да байкалды, сейсмология институту жер титирөөнүн борбор калаадагы күчүн аныктоо иштерин жүргүзүп жатышканын “Азаттыкка” билдиришти.(ZKo)